Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 11-декабрь
69.75    81.86    1.18    KZT 0.21
Ош

Ошто мал уурулардын тобу кармалды

Turmush -  Ошто бодо малдарды уурдоо менен алектенип жүргөн топтун мүчөлөрү колго түшүрүлдү. Ош ОИИБдин басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, Ноокат РИИБге 2-июль күнү жергиликтүү тургун кайрылып, 16-июнга караган түнү белгисиз адамдар короосунан үч баш уйду уурдап кеткенин билдирген.

Бул факт боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (мал уурдоо) менен кылмыш иш козголуп, ОИИБдин кызматкерлери тарабынан шектүү адамдар кармалды. Шектүүлөр: 32 жаштагы М.Д., 30 жаштагы А.А., 25 жаштагы З.Б., 23 жаштагы Ж.З., 22 жаштагы О.А. жана 18 жаштагы У.Ф. Ош облусунун тургундары. Алгачкы тергөө иштери менен бул шектүүлөр ушул сыяктуу 8 кылмыш жасаганы белгилүү болду.

Учурда кармалгандар убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, тергөө иштери улантылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1121
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×