Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-октябрь
68.51    80.77    1.2    KZT 0.21
Ош

Оштогу каналдан адамдын жансыз денеси табылды (фото)

Turmush -  Ош ШИИБдин патрулдук милиция кызматкерлери Учар айылынын үстүнөн өткөн каналдан бир адамдын жансыз денесин алып чыгышты. Бул тууралуу аталган түзүмдөн билдиришти.

Маалым болгондой, бүгүн, 12-августта эртең менен Учар айылынын үстүнөн өткөн каналдагы сууда адамдын жансыз денеси агып бара жатканын көргөн күбөлөр Ош ШИИБдин патрулдук милиция кызматкерлерине кабарлашкан. Окуя болгон жерге келген кызматкерлер суудан 50-60 жаштагы адамдын сөөгүн алып чыгышкан.

Укук коргоо органдарынын маалыматына караганда, аталган адамды кароо учурунда анын денесинен зордук-зомбулуктун белгилери табылган эмес. Учурда тиешелүү эспертизалар дайындалып, өздүгү такталып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1226
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×