Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-сентябрь
68.43    81.71    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Ош

Эл ичи — өнөр кенчи: Чоң-алайлык 23 жаштагы Бусурманкул грэпплинг боюнча дүйнө чемпиону (фото)

Turmush -  Чоң-Алай районунун 23 жаштагы тургуну Абдибаит уулу Бусурманкул грэпплинг боюнча дүйнө чемпиону. Кабарчы спортчу менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, дүйнө чемпиондугунан тышкары Кыргызстандын 5 жолку чемпиону болгон.

«Бала кезимден бери спортко кызыгам. Айыл жергесинде өз алдымча машыгып, чоң спортчу болууну кыялданчумун. 2011-жылы Бишкек шаарына келип, азыркы машыктыруучум Чекиров Кенжебек агайымдын колунда машыга баштадым. 2013-жылы грэпплинг боюнча Москвада өткөн дүйнө чемпионатында алтын медаль тагынып кайткам. Ал жеңиш менин эң алгачкы ийгилигим болду. 2014-жылы Түштүк Кореядан Азия жана океания боюнча мелдеште күмүш медаль тагындым. Бул жылдары Кыргызстандын 5 жолку чемпиону болдум. Каршылашымды жеңүү үчүн күчтүү машыгуудан өтөм. 2012-жылдан бери эрежесиз эр таймашка чыга баштадым. 2016-жылы «Мыкты мушкер» деген наам менен сыйлангам.

Мындан тышкары, кикбоксинг, эркин күрөш менен машыгам. Салмагым 66 кг. Спорттун арты менен Япония, Индия, Иран, Швеция мамлекеттерине барып келдим. Азыркы убакта машыгуум жакшы өтүүдө. Жакынкы арада Европада таймаштарым болот. Мыкты көрсөткүч менен ийгилик жаратып келсем деген ниетим бар», - деди ал.

Чемпион үй-бүлөдө 8 бир туугандын алтынчысы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 847
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу