Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-сентябрь
68.43    81.71    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Ош

Юсупова айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо күнү белгиленбей, 400гө чукул адам өкмөт башчыга кайрылды

Turmush -  Аравандын С.Юсупова айыл өкмөтүнүн башчысы көп убакыттан бери шайланбай жатканына жергиликтүү эл нааразы. Буга байланыштуу жашоочулар кол топтоп, өкмөт башчыга кайрылды.

Айылдык кеңештин төрагасы Бабуржон Маннановдун айтымында, шайлоо күнү эмне себептен белгиленбей жатканы тууралуу БШК дагы жооп бере элек.

«Юсупов айыл өкмөтүнүн башчысы 3-июлда кворумдун жоктугунан шайланбай калган. Ошондон бери шайлоо күнү белгиленбей турат. Буга нааразы болгон 400гө чукул жергиликтүү эл өкмөт башчыга кат жолдоду», - деди ал.

Буга чейин Араван аймактык шайлоо комиссиясы жергиликтүү депутаттын кош жарандуулугу боюнча арыз түшүп, ошол себептен шайлоо белгиленбей жатканын билдирген. Кош жарандуулук боюнча Россияга кайрылуу жолдонгону, алар тараптан жооп келсе шайлоо күнү белгилене турганы маалымдалган эле.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 476
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу