Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-сентябрь
Ош облусу, Ош 15.08.2017 18:50

Фоторепортаж - 28 жаштагы Жасур Парпиев — «ЖИА» Бизнес ассоциациясынын Оштогу аткаруучу директору

Turmush -  «Жаш ишкерлер ассоциациясынын» Ош облусундагы аткаруучу директору болуп 28 жаштагы Парпиев Жасур Мырзажанович дайындалды. Анын талапкерлигин «ЖИА» (JIA) Бизнес ассоциациясынын жетекчилиги менен мүчөлөрү толук колдоого алган.

Ассоциациянын ишмердүүлүгү менен 6 жыл мурун үйрөнчүк катары таанышып баштаган Ж.Парпиев анын тарыхындагы эң жаш жетекчилердин катарын толуктады. 

Жансур

Билими:

- 1996-2007-жылдары — Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Нарын айылындагы Н.И.Мешков атындагы орто мектеби;

- 2007-2008-жылдары — Бишкек медициналык колледжинин тиш дарылоо бөлүмү;

- 2008-2010-жылдары — Ош мамлекеттик социалдык университети (мурдагы Ош Кыргыз-өзбек университети), адистиги — фармацевт.

- 2015-2019 Жалал-Абад мамлекеттик университетинин менеджмент факультети (сырттан окуу бөлүмү).

Кыргыз, орус жана түрк тилдеринде эркин сүйлөйт.
 
Эмгек жолу:

- 2010-жылдын январынан 2011-жылдын октябрына чейин — «Кыргыз достугу» маданий-кайрымдуулук фондунда адис ассистенти;

- 2011-2012-жылдары – Юридикалык жактардын бирикмеси «Жаш ишкерлер ассоциациясы Ош», үйрөнчүк;

- 2012-жылдын март-июль айлары – «Жаш ишкерлер ассоциациясы Ош», коом менен байланыш менеджери;

- 2012-2017-жылдары – «Жаш ишкерлер ассоциациясы Ош», аткаруучу директордун орун басары.

Жаш жетекчи жубайы менен бирге 2 уул, 1 кызды тарбиялап жатат.

Ж.Парпиев: Ассоциациянын арты менен көптөгөн тааныш гана күтпөстөн, бир катар чет өлкөлөргө саякаттоого жана алардын өнүгүү тажрыйбасы менен таанышууга да жетиштим. Атай келсек, Кыргызстандын 7 облусунда, Өзбекстан, Тажикстан, Түркия, Казакстан, Греция, Россия, Татарстан жана Индия мамлекеттеринде болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ боло алдым. Акыркы иш сапарыбыз үстүбүздөгү жылдын март айынын аягында Индияга болду. Ал жакта JIA ишкерлер делегациясы менен биргеликте «Индия-Кыргызстан экономикалык форумуна» катышууга жана Индиянын бизнес мүмкүнчүлүктөрү менен таанышууга да жакшы мүмкүнчүлүк болду.

Ош ЖИА жалпы жыйындан кийин

Ош ЖИА жалпы жыйыны 

«ЖИА» (JIA) Бизнес ассоциациясынын түптөлүшү

«ЖИА» (JIA) Бизнес ассоциациясы 2006-жылдын декабрь айында Бишкек шаарында демилгелүү ишкерлер тарабынан түптөлгөн. Ош шаарындагы бөлүмү 2008-жылы ачылган. Ишкерлердин укугун жана кызыкчылыктарын коргоону максат кылган ассоциация бүгүнкү күндө өлкө боюнча 900дөн ашуун ишкердин башын бириктирип, Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Талас, Баткен жана Токмок шаарларында өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.

Мындан сырткары, АКШ, Жапон, Кытай, Украина, Монголия, Түркия жана Индия өлкөлөрүндө өкүлчүлүктөрү жергиликтүү ишкерлер менен тыгыз иштешүүдө. «Ош JIA» Бизнес ассоциациясы түптөлгөндөн бери 7 жыл ичинде бизнес жаатында бир топ демилгелерди көтөрүп, мамлекеттик органдар, элчиликтер, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, чет элдик бизнес ассоциациялар, коомдун ар кайсы катмары менен тыгыз иштешүү аркылуу шаардагы экономикалык жана социалдык маселелерди чечүүдө өз салымын кошуп келет.

«ЖИАнын» түзүүчүлөрү

Ассоциациянын (JIA) түптөөчүлөрү чет өлкөдө билим алган, ассоциациянын миссиясы менен тааныш болгон жаштар болушкан. Чет өлкөдө ондон тогузу кеминде 1 ассоциацияга, ал эми ар бир төртүнчү ишкер 4 же андан көп ассоциацияга мүчө. Анткени, ассоциация жеке ишкердикти өнүктүрүү жолу менен мамлекеттин экономикалык гана эмес, социалдык жактан стабилдүүлүккө жетүүсүнө салым кошуп, мамлекет менен ишкердин ортосунда коммуникация каналынын ролун ойнойт.

JIA — ишкерликти өнүктүрүүдө ишкерлердин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо менен маалыматтык колдоо көрсөтүү, персонал жана өнөктөш таап берүү, өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасы менен тааныштыруу, ар кандай форматтагы иш-чараларды уюштуруудан сырткары ишкерлердин көйгөйлөрүн жана сунушун бийлик өкүлдөрүнө жеткирүү, ошондой эле өз мүчөлөрүнө мамлекеттик органдардын маалыматын таратуу, жалпы эле мамлекеттин инвестициялык имиджин жакшыртууга өз салымын кошуу багытында иштеген бирден бир уюм.

Өзгөчөлүктөр

JIA башка бирикмелерден айырмаланып, даяр ишкерлер менен гана эмес, чакан ишкердүүлүк менен да иштешип, алардын өсүүсүнө ченебей колдоо көрсөтүүдө. Ийкемдүү ассоциациянын өлкөнүн аймактарындагы кеңселери менен мүчөлөрү өнөктөштөрү үчүн 24 саат бою жеткиликтүү. Учурда мобилдик тиркеме да иштелип жатат. Ошондой эле, ассоциация мүчөлөр арасында бир туугандык сезим жана бир үй-бүлөдөй атмосфера түзүп берет.

JIA өлкөдөгү өзүн-өзү каржылаган гранттык каражаттардан көз карандысыз жалгыз ассоциация. Ишкерлерди колдоо аркылуу кызмат көрсөтүү менен айырмаланат.

JIA жетишкен ийгиликтер

Түптөлүп иш баштагандан бери ишкерликти өнүктүрүүгө кошкон салымы чоӊ. Ишкерлерди ар тараптан колдоого аракеттенет. Ишкерлик жаатында квалификациясын жогорулатуудан тарта, мыйзам долбоорлордун ишкерлер үчүн иштөөсү үчүн сунуш-пикирлер берилип келет. Ушул жаатта JIA Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана Экономика министрлигине «Кыргызстандын 5 өнүгүү чекити» долбоорун сунуштаган. Анын ичинен үчөө иштеп жатат.

Алар:

- «Кыргызстан органикалык өлкө»;

- «Экспортту өнүктүрүү жана алга жылдыруу агенттигин» ачуу;

- «Мамлекет жеке өнөктөштүк» инфраструктуралык долбоору.

Бул 5 кадам: -Кыргызстандын экспорттук жана инвестициялык потенциалын жогорулатат;

- Өлкөдөгү ички дүң продуктунун реалдуу өсүшүн камсыздайт;

- Чакан жана орто ишкерликтин өнүгүү линиясы боло алат;

- Кризистик абалдарда өлкөнү алга сүрөөчү экономикалык секирик.

JIA ишкерлерди гана колдобостон, алардын корпоративдик-социалдык жоопкерчилигин арттырууга да салым кошууда. Бул жаатта ар кандай социалдык долбоорлорго да активдүү катышууда. Ассоциациянын, тагыраак айтканда ишкер мүчөлөрдүн демөөрчүлүгү жана ашар ыкмасы менен «Кут билим» окуу комплекстери, Ош шаарындагы Анар кичи районунда 150 орундуу «Үмүт Ак-шоола» балдар бакчасы, Курманжан датка кичи районунда 80 орундуу «Курманжан датка» кыздар жатаканасы курулуп, колдонууга берилген.

JIA'нын алдыңкы 10 жылда жетишүүчү максаттары

JIA 2027-жылга карата 10 жылдык стратегиялык максаттарын кабыл алды.

10 жылдык стратегия:

- 70 000 жумуш орун түзүү;

- 7 000 мүчө, ар бир жетинчиси ишкер-айым;

- 70 компанияны эл аралык деңгээлге чыгаруу;

- 7 компанияны IPO'го чыгаруу;

- Ар бир облуста «Ишкерликти өнүктүрүү борборун» ачуу;

- JIA мүчөлөрүнүн 50%ын өнүккөн өлкөлөргө бизнес саякатка чыгаруу жана өнүгүү тажрыйбасы менен тааныштыруу;

- BIF – Орто Азиянын ДАВОСуна айландыруу;

- Кыргызстандын атынан ДАВОСко катышуу жана 1 спикер жана презентация чыгаруу.

Мындан сырткары, экспорттук потенциалды көтөрүү үчүн сандан сапатка карай кадам таштоо, өндүрүш менен иштеген ишкерлерге инновациялык технологияларды колдонуу менен сапатты көтөрүүдө жана жаратылышка аяр мамиле кылууда көмөкчү болуу. JIA Бизнес ассоциациясы 10 жылдан кийин ар бир үй-бүлөдөн бирден жашыл экспортер көрүүнү каалайт жана бул максатка карай кадам таштады.

Максаты так, келечегин көрө алган ассоциацияга мүчө болуудагы талаптар

Өнүгүүнү көздөгөн ар бир ишкер ассоциациянын толук кандуу мүчөсү боло алат. Ассоциациянын жобосуна ылайык алкогол, тамеки, зыяндуу химиялык заттарды жана курал-жарактарды чыгаруу же сатуу менен алектенгендерден башкасына чектөө жок. Ассоциациянын негизги миссиясы — Кыргыз Республикасынын бакубат жашоосу үчүн инновациялык, социалдык-жоопкерчиликтүү жана ачык ишкерлер коомчулугун өнүктүрүү.

Чет өлкөлөргө уюштурулган иш сапарлардагы ийгиликтер

Ассоциация көрсөткөн кызматтардын катарын иш сапарларды уюштуруу да толуктайт. Бул кызматтын негизги максаты – ишкерлерди өнүккөн өлкөлөргө бизнес-саякатка чыгаруу жана өнүгүү тажрыйбасы менен тааныштыруу менен бирге экономиканы алдыга сүрөөнү өз максаты жана милдети деп эсептеген демилгелүү ишкерлердин көбөйүүсүнө себепчи болуу. Ал жакта ээ болгон маалымат, бизнес жолугушуулардын жана алган тажрыйбанын пайдасын ишкерлер өлкөнүн экономикасынын өнүгүүсүнө салымын кошуу үчүн жүргүзүп келген ишмердүүлүгүндө көрө алат.

Кыргызстандын атуулу катары ойлондурган жана жөнгө салууну максат кылган маселелер

Ассоциацияга мүчө ишкерлер мыкты адистерди табууда маселе жаралгандыктан чет элдик адистерди жумушка чакырууга аргасыз болушат. Бүгүнкү күндө жаштар арасында да Россияга же АКШ сыяктуу чет өлкөлөргө кетүү керек деген пикирлер кеңири жайылган. Бул көрүнүш жаштардын келечекке болгон үмүтүнүн, ишениминин жоголгону, ишке болгон кызыгуунун жана берилгендиктин жоктугун көрсөтүп, кейитет. Аталган кемчиликтердин ордун толтуруу максатында ассоциация менен ЖОЖдор ортосунда тыгыз кызматташуу да жөнгө салынууда. Жаштарды мындай негативдүү пессимисттик ой жүгүртүүлөрдөн арылтуу, келечекке үмүт менен ишенимдүү кадам таштоого багыттоо, тажрыйбасы жана кеп-кеңеши менен бөлүшүү максатында жандуу үлгү болгон ийгиликтүү ишкерлер менен жолуктуруп, өлкөдөгү ийгиликтүү ишканаларга экскурсиялар уюштурулуп турат. 

Мындан сырткары, мамлекеттик түзүмдөр менен ишкерлердин ортосундагы бири-бирине болгон туура эмес көз караш жана мамиле чоң көйгөй. Андагы түшүнбөстүктү жоюу жана жөнгө салуу үчүн учурда жергиликтүү башкаруу органдары менен өнөктөштүктө тыгыз кызматташып, салыгын төлөп, элди аз да болсо жумуш орду менен камсыз кылуу аракетинде жүргөн демилгелүү ишкерлердин имиджин жакшыртуу аракеттери көрүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×