Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-сентябрь
68.43    81.71    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Ош

Араван райондук соту ишкерге курал менен кол салгандарга өкүм чыгарышы мүмкүн

Turmush -  Араванда курал менен киши карактаган 3 шектүүгө бүгүн, 16-августта өкүм чыгышы мүмкүн. Бул тууралуу шектүүлөрдүн биринин жактоочусу Азатбек Бектемиров билдирди. Буга чейин 5 жолу соттук отурум өткөн.

Ош ОИИБдин басма сөз кызматы тараткан маалымат боюнча, 2017-жылдын 30-апрелинде С.Юсупов айыл аймагынын 1971-жылы туулган тургуну Х.Д. өзүнө таандык «ДУЭ Ланос» үлгүсүндөгү унаасы менен үйүнөн чыккан. Ал эгин талаасын көздөй бара жаткан жолдон «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаадан белгисиз бет капчан адам түшүп, колундагы ок атуучу куралы менен коркутуп, акча талап кылган.

Жабырлануучу акча алмаштыруучу жайдын ээси. Ага кол салган топ артынан бир жума бою ээрчип, акыры талаадан кол салышкан. Окуя учурунда ишкерди коркутуу максатында милиция кызматкерлери тарабынан асманга ок атылып, аны уккан айылдыктар сыртка чыкканда кол салгандар качып кетүүгө үлгүрүшкөн.

Бул окуя боюнча ыкчам тергөө топ түзүлүп, шектүү катары Араван районунун 3 жашоочусу: 1983-жылы туулган С.П., Ш.А. жана 1988-жылы туулган А.Н кармалган. Алардан далил буюм катары ок атуучу курал, эки даана ок, 1 даана Германиядан чыгарылган тапанча, 2 даана бет кап, 2 даана кол кап жана автоунаага тийиштүү мамлекеттик 2 номур (О22-63 А, О 12-19 К) алынган.

Тергөө иштери КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси менен жүргүзүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 424
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу