Бөлүмдөр
Жума, 24-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Ош

Араван айылында 4 жаштагы кыз унаанын терезесине кыпчылып калып каза болду

Turmush -  Араван районунун Араван айылында жашап жаткан 4 жаштагы кыз кырсыктап каза болду. Д.Р. 2017-жылдын 7-июлунда саат 10:00 чамасында талаадан көз жумган. Ал Араван айылындагы «Мега Соф» бала бакчасынан бир жылга жакын убакыт иниси менен тарбия алганын бакчанын жетекчиси Нилюфар Насирдинова билдирди.

«Балдарды чоң атасы менен чоң апасы талаага өздөрү менен кошо алып барышкан. Өздөрү иштеп жатканда балдарды көлөкөдө турган унаанын ичине калтырган. Диана ойноп жатканда унаанын терезесине мойну кыпчылып калып, ошол жерде көз жумган.

Ал бакчага жасанып барганды абдан жакшы көрчү. Мүнөзү оор басырыктуу, эс тутуму жакшы кыз эле», - деди Н.Насирдинова.

Д.Р. ата-энеси чет өлкөдө эмгектенип жүргөндүктөн, чоң атасы менен чоң энесинин колунда тарбияланып жаткан.

 Диана 1

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3240
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
18:21,   23.11.2017   ( 8 адам окуп жатат)
×