Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Ош

Араван райондук соту ишкерди курал менен карактагандарга өкүм чыгарды

Turmush -  Ок атуучу курал менен ишкерди карактаган 3 шектүүгө бүгүн, 16-августта Араван райондук соту өкүм чыгарды. Turmush басылмасынын кабарчысына шектүүлөрдүн биринин жактоочусу Азатбек Бектемиров билдиргендей, 3 жылга шарттуу эркиндигинен ажыратуу чарасы көрүлдү.

«Жабырлануучу тарап тосмо арыз жазып, айыптоодон баш тартты. Шектүүлөр күнөөнү мойнуна алып, кайра кылмыш жасабай турганын айтышты», - деди жактоочу.

2017-жылдын 30-апрелинде С.Юсупов айыл аймагынын 1971-жылы туулган тургуну Х.Д. өзүнө таандык «ДУЭ Ланос» үлгүсүндөгү унаасы менен үйүнөн чыккан. Ал эгин талаасын көздөй бара жаткан жолдон «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаадан белгисиз бет капчан адам түшүп, колундагы ок атуучу куралы менен коркутуп, акча талап кылган.

Жабырлануучу акча алмаштыруучу жайдын ээси. Ага кол салган топ артынан бир жума бою ээрчип, акыры талаадан кол салышкан. Окуя учурунда ишкерди коркутуу максатында милиция кызматкерлери тарабынан асманга ок атылып, аны уккан айылдыктар сыртка чыкканда кол салгандар качып кетүүгө үлгүрүшкөн.

Бул окуя боюнча ыкчам тергөө топ түзүлүп, шектүү катары Араван районунун 3 жашоочусу: 1983-жылы туулган С.П., Ш.А. жана 1988-жылы туулган А.Н кармалган. Алардан далил буюм катары ок атуучу курал, эки даана ок, 1 даана Германиядан чыгарылган тапанча, 2 даана бет кап, 2 даана кол кап жана автоунаага тийиштүү мамлекеттик 2 номур (О22-63 А, О 12-19 К) алынган.

Тергөө иштери КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси менен жүргүзүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 793
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×