Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Ош

Видео - Кара-Кулжада 10 жаштагы баланы кыйкырып ыйлап, каршы болгонуна карабай унаага салып кетишти

Turmush -  Социалдык түйүндөрдө мектеп жашындагы баланы каршылыгына карабай, апасы күч менен унаага салып кеткен видеотасма тарады. Бул окуя 2017-жылы 13-август күнү болгон.

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, апасына каршылык көрсөтүп, кыйкырып ыйлаган Акжолдун чоң апасы — Кара-Кулжа районунун Кеңеш айылынын тургуну Анзират Орозалиева. Анын айтымында, небересин 1 жашынан бери багып келген.

«Уулум Маматхалил Орозалиев 36 жашында 2016-жылы күтүүсүз автокырсыктан каза болду. Балам андан 11 жыл мурун үй-бүлө куруп, аялы менен үйлөнгөндөн кийин эле Москвага иштегени кетишкен. Жыл сайын айылга келип эс алып, кайра кетишчү. Алар иштеп жүргөн 10 жыл бою 2 неберемди 1 жашынан бери өзүм багып өстүрдүм. Бүгүнкү күндө баламдын 2 уулу, 1 кызы бар.

Балам каза болгондон кийин эле уруш чыгып, аксакалдар келинимди бата убагында чыр чыгардың деп кууп чыккан. Ошол күндөн тарта биздин үйгө келбей жүрүп, бир күнү келди. Анда да чыр чыгарып, менин үстүмдөн милицияга арыз жазып кайрылды. Бирок мен жок жерден каралоого дуушар болгонумдан жоопкерчиликке тартылган жокмун. Андан кийин 10 жаштагы неберем Акжолду талашып, алып кетти. Ал неберем сот залында дагы мени менен жашай турганын айткан. Бирок сот ага карабай, чечимди апасынын пайдасына чыгарып койгон. Кийин баламды апасы мажбурлап, ыйлаганына карабай алып кетип баратканда сот аткаруучу "өзү каалаганда апасына барсын" деп калтырып койгон эле. Кайра 13-август күнү айыл өкмөттүн кызматкери жана аймактык тескөөчүлөр менен келип, баланы каршы болгонуна карабай алып кетишти. Ошондон кийин мен дагы ооруп калдым. Бизде мыйзам иштесе баланы өз каалоосуна коюп, каалаган жерде жашоосуна уруксат берилсин деп тиешелүү органдардан талап кылам», - деди Анзират Орозалиева.

Акжол учурда апасынын жанында.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4922
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×