Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Ош

Алайда мотоцикл менен кырсыкка учураган турист ооруканага жеткирилди

Turmush -  Кечээ, 16-августта Алайда мотоцикл менен кырсыкка учураган испаниялык туристтин буту сынып, ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Ош облустар аралык клиникалык ооруканасынын директору Шайырбек Сулайманов билдирди.

Анын айтымында, турист тез жардам унаасы менен жеткирилген.

«Алай районунун аймагында мотоцикл менен кырсыкка кабылган испаниялык 55 жаштар чамасындагы турист кечээ, 16-августта саат 21:00 чамасында ооруканага алынып келди. Анын бутунун 2 сөөгү сынып кеткен. Учурда абалы жакшы», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 826
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×