Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-сентябрь
68.43    81.71    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Ош

Өзгөн шаарында 90 орундуу бала бакча ачылат

Turmush -  Өзгөн шаарынын Ташлак квартал комитетинде жайгашкан Алишер Навои атындагы орто мектептин бир имаратынын ордуна бала бакча куруу иштери улантылып жатат. Аймактык кабарчыга маалымдалгандай, бала бакча 90 орунга ылайыкташтырылат.

Ошондой эле, бул аймактагы мектептин жаңы имаратын куруу зарыл. 2016-жылдагы жер титирөөнүн кесепетинен мектептин бир имараты авариялык абалга келип, окуучулар 3 нөөмөт менен окуп калышкан эле. Бул окуу жылынан тарта окуучуларды мектептин башка имаратында окутуу пландалып жатат.

Учурда Өзгөн шаарында 8 мектеп, 3 бала бакча бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 603
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу