Бөлүмдөр
Жума, 24-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Ош

Видео - Чоң энем сен кетсең өлүп калам деген, - апасынан качып кыйкырып ыйлаган Акжол

Turmush -  Кара-Кулжа районундагы Кеӊеш айылында чоң апасына качып кыйкырып ыйлаган 10 жаштагы Акжол учурда Бишкек шаарында бир туугандары менен жашап жатат. Аны апасы — 1982-жылы төрөлгөн Э.Т. айыл өкмөттүн адиси жана жергиликтүү милиция кызматкерлери менен бирге алып кеткен болчу.

Ош ОИИБдин басма сөз кызматы жалгыз бой эне үй кургандан кийин соттун чечими менен мурунку кайын энесиндеги уулун алып кеткенин билдирди.

Акжол 2008-жылдан бери чоӊ энесинин колунда тарбияланган. Анын 2008-жылы туулган карындашы жана 2016-жылы төрөлгөн иниси апасы менен бирге жашачу. Атасы М.Орозалиев 2016-жылы 14-июлда жол кырсыгынан каза болгон. Атасы каза болгонго чейин апасы экөө Россияда эмгектенип, 3 бир тууган чоң эненин колунда чоңойгон. Кырсыктан кийин кайындарынын үйүнөн кеткен келин 2 баласын ээрчите кетип, кийин сот аркылуу Акжолду да багуу укугуна ээ болгон.

Учурда Акжол апасы жана бир туугандары менен жакшы шартта жашап жатканын жана аларды жакшы көрөрүн айтты. «Чоң апам "сен кетсең өлүп калам" дегенинен ыйлагам», - дейт Акжол.

Акжолдун чоң апасы Анзират Орозалиева менен Turmush басылмасынын кабарчысы байланышып, анын пикирин уккан.

«Уулум Маматхалил Орозалиев 36 жашында 2016-жылы күтүүсүз автокырсыктан каза болду. Балам андан 11 жыл мурун үй-бүлө куруп, аялы менен үйлөнгөндөн кийин эле Москвага иштегени кетишкен. Жыл сайын айылга келип эс алып, кайра кетишчү. Алар иштеп жүргөн 10 жыл бою 2 неберемди 1 жашынан бери өзүм багып өстүрдүм. Бүгүнкү күндө баламдын 2 уулу, 1 кызы бар.

Балам каза болгондон кийин эле уруш чыгып, аксакалдар келинимди бата убагында чыр чыгардың деп кууп чыккан. Ошол күндөн тарта биздин үйгө келбей жүрүп, бир күнү келди. Анда да чыр чыгарып, менин үстүмдөн милицияга арыз жазып кайрылды. Бирок мен жок жерден каралоого дуушар болгонумдан жоопкерчиликке тартылган жокмун. Андан кийин 10 жаштагы неберем Акжолду талашып, алып кетти. Ал неберем сот залында дагы мени менен жашай турганын айткан. Бирок сот ага карабай, чечимди апасынын пайдасына чыгарып койгон. Кийин баламды апасы мажбурлап, ыйлаганына карабай алып кетип баратканда сот аткаруучу "өзү каалаганда апасына барсын" деп калтырып койгон эле. Кайра 13-август күнү айыл өкмөттүн кызматкери жана аймактык тескөөчүлөр менен келип, баланы каршы болгонуна карабай алып кетишти. Ошондон кийин мен дагы ооруп калдым. Бизде мыйзам иштесе баланы өз каалоосуна коюп, каалаган жерде жашоосуна уруксат берилсин деп тиешелүү органдардан талап кылам», - деди Анзират Орозалиева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 11592
Комментарии
Обсуждения закрыты
комментарий удален администрацией сайта
комментарий удален администрацией сайта
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
18:21,   23.11.2017   ( 7 адам окуп жатат)
×