Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Ысык-Көл

Элдик уламыш: Кытайдан качып келген дунгандар Ырдык айылын негиздеген (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районуна караштуу Ырдык айылына дунган элинин отурукташып калганына 140 жыл болду. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы жергиликтүү тургун Зебера Юсуповадан элеттин таржымалын тактады.

Анын айтымында, дунган элин Ысык-Көлгө анын чоң атасы Юсуп Хазрет жетектеп келген. 1877-жылы Кытайда болгон төңкөрүштө дунган эли жеңилип, жазалоочу аскерлерден качып, Кыргызстанга жер которушкан. Ошол кезде 3 топ Кыргызстанга келип, анын бири Чүйгө, бири Ошко, бири Ысык-Көлгө отурукташкан.

«Ошол кезде көл жергесине келген 1600 адамды чоң атабыз Юсуф Хазрет жетектеп келген экен. Бизге ушул жерди беришиптир. Аталарыбыз суунун тунуктугун, жеринин түшүмдүүлүгүн баалашкан. Ошондон тарта элет түптөлө баштаган», - деди ал.

Юсуф Хазреттин 6 уулу болгон. Учурда бул инсандын ысымы айылдагы мектепке берилген.

Элеттин Ырдык деген аталышы кыргызчага которгондо экинчи кокту дегенди билдирет (Караколдон кийинки экинчи кокту). Союз учурунда колхоздор арасындагы жетишкендиктер үчүн ыйгарылуучу өтмө кызыл желекти элеттиктер жеңип алган. Ал эмгектин жемиши деп элет Дыйшын (дыйшын — жеңиш деп которулат) деген экинчи аталышка ээ болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2206
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Элдик уламыштар
×