Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Ош

Премьер-министр «Сулайман-Тоо» музей комплексинин башкы директорун дайындады

Turmush -  Ош шаарындагы «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин башкы директору болуп Кангелдиев Абдыкайым Алибаевич дайындалды. Turmush басылмасынын кабарчысына маалым болгондой, тиешелүү буйрукка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 18-август күнү кол койгон.

А.Кангелдиев буга чейин өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппаратындагы билим берүү жана маданият секторунун башчысы болуп эмгектенип жаткан.

ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесиндеги музейде учурда 80ден ашуун кызматкер бар.

А.Кангелдиев

ОШ

Музейдин мурунку директору Тургунбаев Абдраим Исакович өз каалоосу менен кызматтан кеткен эле.

Маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков музейдин башкы директорлугуна 26 жаштагы ырчы Самара Каримованы башкы директор кылып дайындаганы тууралуу 28-июлда маалым болгон. Бирок көп узабай ырчы бул кызматтан баш тартканын жарыялаган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 8496
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×