Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-сентябрь
68.43    81.71    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Ош

Кабылан-Көл айылындагы жалгыз бала бакча 1,8 млн сомго оңдолуп жатат

Turmush -  Алай районунун Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн Кабылан-Көл айылындагы бала бакчанын имараты 90 орунга ылайыкталып, капиталдык оңдоодон өткөрүлүүдө. Буга чейин аталган бала бакчада 60 бала тарбияланып келген.

Бакчанын жетекчиси Калбү Жумалиева аймактык кабарчыга билдиргендей, учурда Э.Мурзаев орто мектебинин эски имараты толугу менен бала бакчага берилди.

«Биздин айылда жалгыз гана бала бакча бар. Ал 2009-жылы ишке кирген. Алгач Э.Мурзаев орто мектебинин эски имаратынын жарымы берилсе, быйыл толугу менен бизге өткөрүлдү. Учурда түрткү берүүчү гранттын эсебинен 1 млн 800 миң сомго капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат», - деди К.Жумалиева.

Бала бакчанын тарбиялануучулары оңдоо иштерине байланыштуу 1 айга эс алууга чыгарылган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 449
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу