Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-сентябрь
68.43    81.71    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Ош

Фото - Өзгөндө Манастын айкели кароосуз калып, чириген жыгач герб илинип турат, - активист

Turmush -  Өзгөн шаарынын борборуна орнотулган Манас баатырдын эстелиги четинен бузулуп баштады. Активист Дастан Осмоновдун айтымында, учурда эстеликтин шыбактары көчүп, тытылган желек илинип турат.

«Өзгөн шаарынын борборунда турган Манас атабыздын эстелиги кароосуз калып, шыбактары түшө баштады. Кароосуз турганы билинип турат. Мындан сырткары, эстеликтин жанына жыгачтан жасалып илинген герб эскирип, жарака кеткен бойдон жаңыртыла элек. 15 метрлик бийиктикке илинген желек дагы тытылып, кирдеп калган», - деди ал.

Манас баатырдын айкели мэриянын жанындагы гүл бакта орнотулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1517
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
10:18,   19.09.2017   ( 4 адам окуп жатат)
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу