Бөлүмдөр
Ишемби, 23-июнь
Ош

Фото - Ошто кылмыштуу топтун мүчөсү жарылуучу заттар менен колго түшүрүлдү

Turmush -  Ош ОИИБдин кызматкерлери жергиликтүү тургун колго жасалган жардыргыч заттарды катып жүргөнү тууралуу малымат алган. Анын негизинде кечээ, 22-августта атайын операция жүргүзүлдү.

Кара-Суунун Нариман айылындагы текшерүү учурунда Өзгөн районунун 1983-жылы туулган тургуну А.У. согуштук жардыруучу заттар (1 даана РГД-5 жана 1 даана Ф-1) менен кармалды. Кийинчерээк кармалган жаран Кыргызстандын ИИМинде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоого алынганы белгилүү болду.

Бул факты боюнча Ош ОИИБдин тергөө кызматы тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 241-беренеси (курал-жарак, жарылуучу зат жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактоо) менен кылмыш иш козголду. Учурда тергөө иштери улантылып жатат.

1400829.1.1503484392

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5674
Көп окулду
×