Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Ош

Өзгөндөгү жол кырсыктан 32 жаштагы айдоочу каза болуп, 5 адам жабыркады

Turmush -  Кечээ, 22-август күнү саат 14:30 чамасында Бишкектен Ош шаарын көздөй бара жаткан жеңил унаа Өзгөн районуна жеткенде каршы тилкедеги бетонду сүзүп токтогон. Анын кесепетинен оор жаракат алган айдоочу Ош облустук ооруканада өзүнө келбей каза болду. Ошондой эле, унаанын 5 жүргүнчүсү жабыркап, Ош облустук ооруканасынын сыныктар бөлүмүндө дарыланып жатат.

ОИИБдин Патрулдук милициясынын билдирүүсү боюнча, кырсык Бишкек—Ош унаа жолунун 660-чакырымында болду. Көз жумган айдоочу Өзгөн районунун 32 жаштагы тургуну Ж.А. (эркек киши) экени такталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 887
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×