Бөлүмдөр
Жекшемби, 27-май
Ош

Алайдагы авто кырсык 3 адамдын өмүрүн алды

Turmush -  Ош — Эркечтам унаа жолунун 233 чакырымында Алай районунун Сары-Таш айыл аймагына караштуу Нура айылында «Хендай Портер» автоунаасы менен чөп жүктөп бара жаткан ЗИЛ-130 оор жүк ташуучу унаа кагышты.

Ош облусу боюнча Патрулдук милиция бөлүмүнүн басма сөз кызматынын маалыматына караганда, аталган жол-транспорт кырсыгы 25-августтан 26-августка караган түнү болжол менен саат 01:30 чамасында болгон.

Бул авто кырсыктын кесепетинен «Хендай Портер» автоунаасынын 63 жаштагы айдоочусу Б.М жана анын уулдары 38 жаштагы Б.М, 36 жаштагы Б.Ш. ооруканага жетпей каза болушту. Ал эми, ЗИЛ-130 унаасынын 35 жаштагы айдоочусу С.М. жана анын жанындагы М.С., Ч.О., ошондой эле 2001-жылы туулган С.У.С жана С. У. К. Алай аймактык ооруканага жеткирилген.

Алдын ала маалыматтарга караганда, авто кырсыкка кабылган адамдардын баары Нура айылынан болушкан.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4614
×