Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-сентябрь
68.43    81.71    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Ош

Жаңы-Алайдагы окуучулар малчыларга салынган үйдө окууга аргасыз болушууда (фото)

Turmush -  Алай районунун Жаңы-Алай айылындагы окуучулар малчыларга салынган эски үйдө быйыл дагы окууга аргасыз болушууда. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Анаркан Мамаева билдирди.

Анын айтымында, жаңы мектептин курулуш ишине быйылкы жылдын эсебинен каражат каралган эмес.

Жаңы-Алайдагы С.Ашимов атындагы орто мектеби алгач малчыларга турак үй катары салынган.

«Бизде мектептин жоктугунан малчыларга салынган үйдө балдар билим алышат. 1990-жылы бул мектеп 3 класстык, 2000-жылы 4 класстык болуп ашар жолу менен курулган. Мектеп санитардык жактан дагы талапка жооп бербейт. Ичи көмүр менен жылыйт. Кышкысын кыйынчылык көп болот. Азыр жалпы 7-класста 476 окуучу билим алат. 2015-жылы жаңы мектептин курулушу башталган. Сметалык баасы 45 млн сом болгон. Бирок 3 млн сом каралган бойдон каражат бөлүнгөн эмес», - деди директор мектеп директору Аскар Адапбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 504
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу