Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-сентябрь
68.43    81.71    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Ош

Алайдын Арпа-Тектир айылында 26 жылдан кийин таза суу чыгарылып жатат

Turmush -  Алай районунун Коңур-Дөбө айыл өкмөтүндөгү Арпа-Тектир айылы таза суу менен камсыз болот. Союз убагынан бери айыл эли булактардан, дарыядан суу ташып ичип келишкен. Учурда таза суу чыгаруу иштери жүрүп жатканын айыл башчысы Куштарбек Пасаңов билдирди.

«Союз мезгилинде айыл эли таза суу менен камсыз болгон. Бирок керектүү жабдыктын мотору күйүп кетип, суу чыкпай калган эле. Андан кийин таза суу чыгарууга аракеттер болгон. Бирок таза суунун ордуна туздуу суу чыгып калган. Быйыл уюмдардын бири 300 миң сом бөлүп, 3 чакырымга суу түтүктөр алынды. Айыл эли өздөрү ашар жолу менен суу түтүктөрдүн ордун казып чыгып, учурда Чөгөт булакка 2 булактын суусун бириктирүү иштери жүрүп жатат. Суу түтүктөр тартылса 1 айдан кийин таза суу чыгып калат», - деди К.Пасаңов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 386
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
10:18,   19.09.2017   ( 5 адам окуп жатат)
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу