Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-сентябрь
68.43    81.71    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Ош

Кара-Кулжа райондук билим берүү бөлүмү 25 миң сом менен сыйланды

Turmush -  Кара-Кулжа районунда жалпы мугалимдердин август кеңешмеси өтүп, 2017-2018-окуу жылында билим сапатын көтөрүү боюнча пландар, өткөн окуу жылдагы жетишкендиктер жана кемчиликтер тууралуу талкууланды.

Алдыңкы педагогдор өз практикасындагы жетишкендиктер менен бөлүшүп, алардын демилгесин жайылтуу сунушу да колдоого алынды. Ошондой эле, 2017-2018-окуу жылына карата билим берүү мекемелерин сапаттуу даярдоо боюнча жыйынтыктар чыгарылып, алдыңкы мектептерге дипломдор жана баалуу сыйлыктар берилди. Бул күнү Ош облустук конференциясында билим берүү мекемелерин сапаттуу даярдоо сынагынын жыйынтыгы да чыгарылып, Кара-Кулжа райондук билим берүү бөлүмү II орунду ээлегени үчүн диплом жана 25 миң сом сыйлыкка ээ болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 373
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу