Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-сентябрь
68.43    81.71    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Ош

Видео, фото - Алайда катуу ылдамдыкта бара жаткан унаанын үстүнө чыгып алгандар аныкталды

Turmush -  Оштун Алай районунда катуу ылдамдыкта бара жаткан автоунаанын үстүнө чыгып алган балдар аныкталды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Ош ОИИБдин Патрулдук милиция бөлүмүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, август айында интернетке тараган видеотасмадан кийин иликтөө иштери жүргүзүлүп, автоунаанын үстүнө чыгып алган балдар Алай районунун 18 жаштагы тургундары экендиги аныкталган.

«Видеотасма 28-май күнү тартылып, ал августта социалдык түйүндөргө тараган. Окуя Алай — Эркеч-Там унаа жолунун 87-88-чакырымында болгон. “Опель Зафира” үлгүсүндөгү автоунаа аны айдап бара жаткан баланын таякесине тиешелүү болгон. Балдар автоунаа жүрүп бара жаткан учурда үстүнө чыгып алышкан. Бул видеотасманы 100 миңден ашуун интернет колдонуучулар көрүштү. Ал балдар Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайларга жаңыдан тапшырышкан экен. Аларга түшүндүрүү иштери жүрүп, унааны айдаган балага 3 миң сом административдик айып пул салынды», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2197
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
10:18,   19.09.2017   ( 5 адам окуп жатат)
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу