Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-сентябрь
68.43    81.71    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Ош

Фото — Кара-Суу районунда 1 млн сом байге коюлган волейбол мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды

Turmush -  Кара-Суу районунда Эгемендүүлүк майрамына карата байге фонду 1 млн сомду түзгөн волейбол боюнча таймаш жыйынтыкталды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалыматка караганда, мелдешке 40 жашка чейин жана 40 жаштан жогоркулар үчүн таймаштар уюштурулуп, жалпы 36 команда ат салышкан.

«40 жашка чейинкилер арасында 1-орунду ээлеген Ноокат районунун оюнчуларына 300 миң сом, 2-орунду алган Өзгөн районуна 150 миң сом, 3-орунду алган Сузак командасына 60 миң сом, 4-орунду алган Кадамжай районунун оюнчуларына 15 миң сом акчалай байге тапшырылды», - деди Кара-Суу шаарынын акиминин орун басары Мехриниса Жороева.

40 жаштан жогорку жаштагылар арасында да Ноокат районунун командасы жеңүүчү болду.
Мындан сырткары «ЕРЕМ» клубу менен түштүктөгү райондордон куралган команда 100 миң сом үчүн ат салышып, «ЕРЕМ» клубу жеңилүү ызасын тартты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2294
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу