Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-сентябрь
68.43    81.71    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Ош

Ошто ондогон гектардагы кара куурай жок кылынды

Turmush -  Ош облусунун аймагында «Кара куурай 2017» иш-чарасы улантылып жатат. Анын алкагында Өзгөн районунун Жазы, Куршаб, Мырза-Аке жана башка айыл аймактарынында 5 гектарга жакын жапайы өскөн кара куурай жок кылынды, деп билдирди Ош ОИИБдин басма сөз кызматы.

Демилгенин негизги максаты — жарандардын ден соолугуна терс таасирин тийгизген уулуу заттарды жок кылып, жаштарды терс адаттардан сактап калуу.

Жалпысынан Ош облусунун аймагында 69,9 га аянтта өскөн жапайы кара куурай жок кылынган. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн, жалпы коомчулуктун жана укук коргоо органдарынын катышуусу менен Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн, Араван райондорунун аймагында жалпысынан 70 тоннага жакын жапайы кара куурай өрттөлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 365
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу