Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-сентябрь
68.43    81.71    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Ош

Өзгөндө Эгемендүүлүк күнү эмне үчүн белгиленген жок? (толугу менен)

Turmush -  Өзгөн шаардык мэриясы Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата шаардагы борбордук аянт шарлар менен жасалгаланып, концерттик программа уюштурулганын билдирди. Бирок башка аймактардагыдай саат 10:00дөн тарта салтанаттуу иш-чаралар уюштурулган жок.

Буга чейин кечээ, 31-августта Өзгөн шаарында Эгемендүүлүк күнү майрамдалбай, Жазы, Куршаб жана Мырза-Аке айылдарында гана майрамдык иш-чаралар өткөнү маалымдалган эле.

Мэриянын маалыматы боюнча, майрамдык иш-чаралар уюштурулбаганы менен кечки саат 22:00дө майрамдык салют атылды. Буга жергиликтүү бюджеттин эсебинен атайын акча каражат бөлүнгөн.

Өзгөндө мурунку жылдары Эгемендүүлүк күнү кандай белгиленген?

2016-жылы өзгөндүктөрдү райондун акими Аттокур Тажибаев, Өзгөн шаарынын мэри Саипжон Пратов жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү куттуктаган болчу. Бул күнү майрамдын урматына баатыр энелер үчүн түштөнүү уюштурулуп, концерттик программа менен коштолгон.

2015-жылдын 31-августунда Өзгөн шаарынын мэри Нодир Каримов жана Мамлкеттик кадр кызматынын мурунку башчысы Аалы Карашев улуттук тамак-аш жана кол өнөрчүлөрдүн эмгектеринин көргөзмөсүнө катышкан.

Эгемендүүлүк күнүнө карата концерттик программа тартууланып, көп балалуу 26 энеге «Баатыр эне» наамы тапшырылган болчу.  


А 1

2014-жылы Өзгөн шаарынын борбордук аянтында 6 боз үй тигилип, кыргыздын улуттук тамак-аштары даярдалган. Майрамдык салтанатта билим берүү тармагынын кызматкерлери окуучулар тарабынан жасалган буюмдардын көргөзмөсүн уюштурушту.

Иш-чарага согуш ардагерлери, шаар активисттери, Өзгөн районунун акими Аттокур Тажибаев, Жогорку Кеңештин депутаты Бактыгул Маматов, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн биринчи орун басары Байыш Юсупов жана Өзгөн шаарынын мэри Нодирбек Каримов катышып, куттуктоо сөздөрүн айтышкан.

Майрамдык салтанат райондук жана шаардык маданият үйлөрүнүн кызматкерлери тарабынан даярдалган концерттик программа менен улантылган эле.


31 08 2014_узген 2

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 8140
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
10:18,   19.09.2017   ( 6 адам окуп жатат)
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу