Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-сентябрь
68.43    81.71    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Ош

Кара-Кулжа менен Ноокатта Эгемендүүлүк күнү салтанаттуу белгиленди (фото)

Turmush -  Ош облусунун аймактарындагы жашоочулар жана меймандар Эгемендүүлүк күнүн салтанаттуу белгилешти. Кара-Кулжа райондук администрация маалымдагандай, алгач райондогу мамлекеттик мекеме-ишканалардын кызматкерлери жүрүш уюштурушту.

Андан кийин райондун акими Пиримберди Дыйканов жердештерине куттуктоо сөзүн айтып, жакшылыктарды каалады. Майрамдык иш-чара концерттик программалар менен коштолду.

Ага улай мамлекеттик мемеке-ишканалардагы кызматкерлердин арасында спорттук оюндар өткөрүлүп, жеңүүчүлөр акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Ошондой эле, Ноокат районунда Жогору Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ахмаджан Махамадов, Ноокат районунун акими Давранбек Маматалиев, мамлекеттик мекме-ишканалардын башчылары жана миңден ашуун жергиликтүү тургундардын катышуусу менен Эгемендүүлүк күнү белгиленди. Анын жүрүшүндө эгемендүүлүктүн 26 жылдыгына карата куттуктоолор айтылып, концерттик программалар менен коштолду.

Андан сырткары, спорттун футбол, жеңил атлетика түрлөрү боюнча мелдештер өтүп, жеңүүчүлөр дипломдор жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 686
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу