Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-январь
69.34    85.18    1.23    KZT 0.21
Ош

Фото - Өзгөндө 3 унаа катышкан жол кырсык болду

Turmush -  Өзгөн районунда 3 унаанын катышуусунда жол кырсык болду. Анын кесепетинен жабыркаган 3 адам ооруканага жеткирилген.

Ош ОИИБдин Патрулдук милиция бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирген маалымат боюнча, кырсык бүгүн, 3-сентябрда таңга маал саат 4:30 чамасында Ош—Бишкек автоунаа жолунун 611-чакырымында катталган. «Форд Транзит», «Тойота Королла», «Тойота Эстима» үлгүсүндөгү унаалардын кагышуусунан жабыркаган 3 адамга Өзгөн аймактык ооруканасынын дарыгерлери жардам көрсөтүүдө.

Учурда кырсыктын чоо-жайы такталып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1863
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×