Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Ош

«Жеңеке»: Жаңы келин болуп барган күнү ичеги-карын арткан Абийба жеңе учурда 21 баланы баккан апа (фото)

Turmush -  «Жеңеке» долбоорунун кезектеги карманы — Абийба Кенжеева. Ал Ноокат районундагы Абшыр-Сай айылында 1983-жылы төрөлүп, Ысык-Көл облусунун Байтик айылына турмушка чыккан.

Жолдошу Эрлан Абийба жеңени үй-бүлөсүнө тааныштырам деп алып барып, биротоло алып калганын айтат. Учурда жубайлар үй-бүлөсү менен Ош шаарында ачкан балдар үйүндөгү балдарды тарбиялоо менен алек.

«Жолдошум менен Бишкекте бир университетте окудук. Аны менен кыз-жигит болуп сүйлөшө баштаганыбызда ата-энеси менен тааныштырам деп алып келип, ошол бойдон алып калышкан. Сүйүүнүн күчү мененби, айтор кичи автобус менен эле келип отуруп калгам. Жолдошум менен 4 уул, 3 кыздуу болдук», - деди ал.

Жаңы келин болуп келгенде той күнү ичеге-карын арткан киши жок болгондуктан Абийба жеңе өзү тазалаганын эскерди. Анын жытына чыдабай кайын энесинин көзүнчө кусуп, ыңгайсыз абалда калган.

«Биз келгенде эле тоюбуз башталып калды. Өз үйүмдө ичеги-карын арткан эмесмин. Андан эки күн өтпөй кайын эжем төрөдү. Кайын энем ага тамак алып баруу максатында сууга күрүч салып кайнатып кой деди. Мен чоң казанга күрүч бышырып койгом. Аны кайын энем көрүп алып көпкө чейин күлгөн. Ал тамакты 3 күн бою кайын эжеме алып барган», - деди Абийба жеңе.

Абийба жеңе балдарга өтө жакын болгондуктан тарбиялап жаткан балдар да өз апасындай көрүп, «апа» деп чакырышат.

«Кайын энем да балдарга өтө жакын. Балдар бизге кичине маалында келгендиктен аларды өтө жакшы көрөбүз. Алар да мени "апа" деп ээрчип алышат. Андан бетер жүрөгүм элжиреп, аман-эсен чоңоюшса экен деп тилеп келем. Балдар үйү жаңы ачылганда тарбиялануучу балдардын бири өтө шок болчу. Күн сайын сыртка качып чыкчу эле. Мен жети айлык боюмда бар экенине карабай аны менен кошо жүгүрүп, таштандыга жыгылганым эсимден кетпейт. Азыр ошол балам зыңкыйган жигит болуп, 2-курстун студенти болуп калды. Тапкан эне болбосом да баккан эне болгон үчүн балдардын ар бир ийгилигине кубанып келем», - деп кошумчалады.

Учурда аталган балдар үйүндө ата-энеси баш тарткан 21 бала тарбияланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3586
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×