Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-январь
69.34    85.18    1.23    KZT 0.21
Ош

Алайда чөп жүктөгөн унаа чет элдик жана жергиликтүү адамдарды сүзүп, айдоочу качып кетти

Turmush -  Бүгүн, 4-сентябрга караган түнү Алай районунун Сары-Таш айылында тоют чөп жүктөп бара жаткан унаа 3 адамды сүзүп кетти. Унаанын айдоочусу жабыркагандарга жардам көрсөтпөй, окуя болгон жерден из жашырган.

Ош ОИИБдин басма сөз кызматы кырсыктын кесепетинен Германиянын эки жараны жана Сары-Таш айылынын тургуну жеңил жаракат алганын билдирди. Учурда Алай РИИБдин кызматкерлери айдоочуну жана 3 адамды сүзүп кеткен унааны издеп жатат.

Жабыркагандар:

-1993-жылы туулган Л.Заец Камил Махмуд, Германиянын жараны;

- 1994-жылы туулган Кеник Бауэр Колбинаин, Германиянын жараны;

- Ж.Ибраимов, Сары-Таш айылынын тургуну.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 933
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×