Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Ош

Эже-сиңдинин мыкаачылыгы: Ошто биолог келини башын кесип өлтүргөн аял жерге берилди

Turmush -  Ошто өз келининен ажал тапкан эне Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айылындагы үйүнөн 31-август күнү акыркы сапарга узатылды. Диний кызматкерлер башы табылбай жаткан аялды жерге берүүгө уруксат беришкен. Бул тууралуу өздүк булактар кабарлады.

Айрым маалыматтар боюнча, кайын энесин өлтүрүп, андан кийин башын кесип, эки башка таштанды челекке таштаган келин жогорку окуу жайлардын биринен биология боюнча билим алган.

Окуя тууралуу:

27-август күнү саат 10:30 чамасында Ош мамлекеттик социалдык университетинин имаратынын түштүк тарабындагы таштанды салынуучу контейнердин ичинен «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери тарабынан аял кишинин башы жок денеси табылган. Ыкчам тергөө тобу маркум Оштогу Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айылынын 1966-жылы туулган тургуну А.Жумагүл экенин аныктаган.

Таштанды салынган контейнерден маркумдун кофтасы, жансыз дене оролгон кѳшѳгѳ, жүк жапкыч жана чаар баштык да чыккан.

Ыкчам иликтөөлөрдүн алкагында А.Жумагүлдүн мыкаачылык менен өлтүрүлүшү боюнча 25 жаштагы келини жана анын бир тууган эжеси камакка алынып, тергөө иштери улантылып жатат.

29-августка караган түнү саат 01:00 чамасында бул оор кылмышка шектүүлөр – 1992-жылы туулган У.А. жана 1980-жылы туулган Г.К. Ош ШИИБдин криминалдык милиция кызматынын өкүлдөрү тарабынан кармалган.

Turmush басылмасынын кабарчысына маалым болгондой, шектүү келин көрсөтмөсүндө маркум кайын энеси уулу менен жашатпай турганын айтып келгенин билдирген. Маркум аял окуяга чейин эки күн мурун уулу менен келини жашап жаткан үйгө мейманга барганы маалым болду.

Ош ШИИБдин басма сөз катчысы Замир Сыдыковдун айтымында, маркум аял, шектүү келин жана анын эжеси дагы үй-бүлөлүү. 25 жаштагы келин 1 уул, 1 кыздын энеси.

«26-август күнү эртең мененки саат 07:00 чамасында келиндин күйөөсү жумушуна кеткенде келин менен кайын эненин ортосунда кайрадан ажырашуу тууралуу чыр чыккан. Болжол менен саат 09:00 чамасында ачууланган келин сырттан таш алып кирип, кайын энесинин башына бир нече жолу урган. Анын каза болгонун билгенден кийин өзүнүн бир тууган эжесине телефон чалып, окуяны билдирген. Окуя маркумдун уулунун Ош шаарынын Навои кѳчѳсүндѳ жайгашкан үйүндө болгон.

Денени эжесинин Анар кичи районундагы үйүнө такси менен алып барып, балконго чыгарып коюшкан. Андан соң эжеси экѳѳ кеңешип, түштөн кийин балдарын сыртка алаксытып чыгарып, денени кескилеп, баштыкка салышкан. Алгач башын кесип, андан кийин буттарын дагы кескилөөгө аракет кылып, бирок кесе албай коюшкан. Түн киргенге чейин балкондо турган денени саат 21:30-22:00 чамасында такси менен Курманжан датка көчөсүндөгү таштанды челекке таштап кетишкен. Ал эми маркумдун башын эжеси К.Маркс мектебинин жанындагы таштанды салуучу контейнерге таштаганын айтууда. Учурда маркумдун башы табыла элек», - деди З.Сыдыков.

Учурда КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен козголгон кылмыш иш тергелип жатат.

Шектүү У.А.

А 5

Шектүү келиндин эжеси Г.К.

А 6

Тема боюнча:

27.08.2017Оштогу таштанды челектен аял кишинин башы жок денеси табылды
28.08.2017Оштогу таштанды челектен башы жок денеси табылган аялдын өздүгү тактала элек
28.08.2017Ошто аялдын башы жок денеси табылган жерден сүрөттөр
29.08.2017Башы жок денеси таштанды челектен табылган аялдын өлүмүнө келини шектелип кармалды (толукталды)
29.08.2017Видео, фото - Эже-сиңдинин мыкаачылыгы: Кайын энесинин башын кесип, таштандыга таштаган келиндин көрсөтмөсү
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 12656
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×