Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Ош

Алыскы Кан-Коргон айылында биринчи жолу бала бакча ачылды (фото)

Turmush -  Бүгүн, 4-сентябрда Кара-Кулжа районунун Алайкуу айыл аймагынын Кан-Коргон айылында 50 орундуу бала бакча ачылды. Ачылыш аземге Кара-Кулжа районунун акими Примберди Дыйканов, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышканын кабарчы билдирди.

«Кан-Коргон» балдар бакчасынын курулушу мамлекеттик бюджеттен каржыланган. Буга чейин бул айылда бала бакча болгон эмес. Заманбап бала бакчанын курулушу менен жергиликтүү элдин көп жылдан берки көйгөйү чечилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 490
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×