Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Ош

Фото - Ноокатта турак үй, тоют чөп жана 6 тонна тезек өрттөндү

Turmush -  Ноокат шаарынын Кожомкары көчөсүндө жайгашкан турак үй өрттөндү. Бүгүн, 4-сентябрда ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, өрттүн кесепетинен 350 чарчы метр турак үйдүн чатыры толугу менен, 132 чарчы метр мал сарайдын  чатыры, ичинде жыйылган 300 түк чөп, 200 түк саман жана 6 тонна тезек күйгөн.

Өрттөн адамдар жабыркаган жок. Учурда өрттүн себеби такталып жатат. Аталган дарекке өз учурунда барган өрт өчүрүүчүлөр кошуна жайгашкан үйлөрдү сактап калышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 438
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу