Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Ош облусу, Ноокат 05.09.2017 14:55

Ноокаттык аксакалдар шахматта күч сынашты

Turmush -  Ноокат шаарында аксакалдар ортосунда шахмат боюнча турнир өткөрүлдү. Мэрия маалымдагандай, турнирге катышуу үчүн Ноокат районунун бардык айыл аймактарынан аксакалдар чогулган.

Мелдештердин жыйынтыгында жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар менен дипломдорду Ноокат шаарынын мэри Жоомарт Нурдинов тапшырды. Ошондой эле, шаар жетекчиси райондун ардагерлери жалпы өлкө боюнча активдүүлүгү жана жогорку уюшкандыгы жагынан үлгү болуп жатканын белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×