Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Ош

Миялы айылындагы окуучулар контейнерде билим алып башташты (фото)

Turmush -  Кара-Суу районунун Миялы айылындагы окуучулар билим алууну контейнерде улантып баштады. Бул тууралуу Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы Замир Тургунбаев аймактык кабарчыга кабарлады.

«Учурда жаңы мектепте 28 бала окуп жатат. Биз орнотуп берген контейнерде 4 класс, китепкана жана мугалимдердин бөлмөсү ачылды. 1-4-класска чейинки окуучулар контейнерде окуганы менен жогорку класстын окуучулары коңшу айылга каттап окушат. Миялы айылына барып, ата-энелер менен сүйлөштүм. Маршруттук каттамдын жарым акчасын өз чөнтөгүмдөн демөөрчүлүк кылсам, жарымын ата-энелер чогултушат. Мындан сырткары коңшу айылга каттап окууну каалабагандар үчүн мектеп-интернаттарга жайгаштырууга жардам берип жатабыз», - деди З.Тургунбаев.

Аталган айылдагы мектептин имараты жер көчкү коркунучунан улам Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан жабылган болчу.

Миялы айылындагы дөңдүн көчүү коркунучу бар деп 2005-жылы жергиликтүү тургундарга эскертүү берилген. Андан кийин жашоочулардын басымдуу көпчүлүгү мамлекет тарабынан ссуда жана жер тилкесин алып, жер которушкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 845
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×