Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Ош

Фото - Кара-Суудагы жайлоодон киши колдуу болгон жаш жигиттин денеси табылды

Turmush -  Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айыл аймагына караштуу Ит-Качкан жайлоосунан 20-25 жаштар чамасындагы эркек адамдын денеси табылды. ОИИБдин басма сөз бөлүмүнүн кызматкери Жанна Сатарбаеванын айтымында, кечээ, 5-сентябрда табылган денеде зордук-зомбулуктун белгилери бар.

Алдын ала маалыматтар боюнча, каза болгон жигиттин колу-буттарында жип менен байланган издер, денесинде көк тактар бар жана кабыргалары сынган. Буга байланыштуу тиешелүү берене менен кылмыш иш козголуп, ыкчам тергөө иштери жүрүп жатат. 

ЭСКЕРТҮҮ: Сүрөттө каза болгон адамдын бети көрсөтүлгөн.

труп

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2141
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×