Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-сентябрь
68.43    81.71    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Ош

Өзгөндүн тургундары 3 жылдан бери унаага байланыштуу соттошуп жатышат

Turmush -  Өзгөн районундагы Лесхоз айылынын тургуну Муктарали Жусупбаев 3 жыл мурда унаасын сатып алган жердеши менен соттошуп келет. Бүгүн, 6-сентябрда АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында соттор акыйкат чечим чыгарбай жатканына нааразычылыгын билдирди.

«Мен 2014-жылы 15-ноябрда "Ваз 21099" үлгүсүндөгү унаамды Журат Маматовго саткам. Ал алгач 5 миң сом акча берген. Кийин дагы 30 миң сом таштап кетти. Арадан 1 ай өткөн соң ал унааны кайтарып бере турганын айтып келди. Мен макул болуп, унааны алып келгенде айрым тетиктерин алмаштырганын айтты. Мен ага унааны алып кеткенде кандай болсо ошол бойдон тапшыр деп талап койдум. Бирок ал менин үстүмдөн сотко арыз жазып, ушул убакка чейин соттошуп жатабыз», - деди ал.

М.Жусупбаевдин айтымында, 1,5 жылдан бери сот тарабынан иш кароого жөнөтүлүп, бирок акыйкат чечим чыкпай келет.

«1,5 жылдан бери унаанын чыры сотто кароосуз турат. Сотто жарандык чыр катары каралып баштап, бирок аягына чыкпай калды. Буга чейин мени унааны сатып алган Ж.Маматовго 43 миң сом акча төлөсүн деген чечим чыгарылган. Бирок мен өзүмдүн унаама ээ боло албай, аны бузган адамга акча төлөбөйм. Ал унааны калыбына келтирип бериши керек. Мен унаанын бузулганына эмес, мыйзамдын тебеленгенине каршы болуп, сотторго нааразы болуп жатам. Мыйзамсыз иш кылган соттор жоопко тартылышы керек», - деди М.Жусупбаев.

«Ваз 21099» унаасы 87 миң сомго бааланган. Бирок унааны сатып алган тарап 35 миң сом берип, кийин кайра унааны кайтарып берген. Унаа 3 жылдан бери мурдагы ээсинин үйүндө турат.

Кийинчерээк маалым болгондой, бүгүн, 6-сентябрда Ош облусунун жарандык иштер боюнча соту Э.Мадумарова жеке даттануу арызды кароосуз калтырганы маалым болду. Ал эми М.Жусупбаев бул боюнча Жогорку сотко кайрыла турганын билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 526
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
10:18,   19.09.2017   ( 3 адам окуп жатат)
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу