Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-сентябрь
68.43    81.71    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Ош

Акыркы суткада өлкө аймагында 32 өрт чыкты

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 32 өрт кырсыктары катталды. Аларды өчүрүүгө 37 өрт өчүрүү бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди бүгүн, 7-сентябрда ӨКМдин басма сөз кызматы.

Оштун Өзгөн районунун Салам-Алик айыл аймагындагы Кызыл-Чарба айылында жайгашкан чарбадан өрт чыкты. Өрттүн кесепетинен 56 чарчы метр чатыры, 2 тонна эндей чөп күйүп кетти. Өрткө этиятсыздык себеп болгон.

Ошондой эле, Ноокат районунун Кеңеш айыл аймагынын Шаңкол айылында өрт чыгып, анын кесепетинен эки кабаттуу бастырманын 24 чарчы метр чатыры жана 10 түк чөп күйдү. Адамдар жабыркаган жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 345
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу