Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Ош

Ошто айдоочу аялдын катышуусундагы жол кырсыктан 7 жаштагы бала каза болду (фото)

Turmush -  Кара-Суу районунда болгон жол-транспорт кырсыктан оор абалда ооруканага жеткирилген 7 адамдын ичинен 7 жаштагы бала өзүнө келбей каза болду.

Кечээ, 8-сентябрда саат 17:45 чамасында Кара-Суу районунун Ак-Таш айылындагы айлампада «Дэу Матиз» жеңил унаасы менен кичи автобус кагышкан. Анын кесепетинен жеңил унааны башкарып бара жаткан аял көз жумду.

Ал Кара-Суу районунун 1957-жылы туулган тургуну Ш.М. экени аныкталды, деп билдирди Ош ОИИБдин басма сөз кызматы. Андан тышкары, 7 киши ооруканага жеткирилип, анын экөө оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Алардын арасында 7 жаштагы бала болгон.

Учурда аталган кырсык боюнча соттук-медициналык жана техникалык экспертиза дайындалып, тириштирүү иштери жүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 675
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу