Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-сентябрь
68.43    81.71    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Ош

Ноокаттын Кара-Кой айылында жаңы мечит ачылды (фото)

Turmush -  Ноокат районунун Кара-Кой айылында жаңы курулган 200 орундуу мечиттин ачылыш аземи болуп өттү. Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан билдирген маалыматка ылайык, аталган аземге Ноокат районунун акими Давранбек Маматалиев, Т.Зулпуев айыл өкмөт башчысынын орун басары М.Рысбаев жана жергиликтүү тургундар катышты.

Мечит арабиялык демөөрчүнүн колдоосу менен курулду. Мындын тышкары, мечиттин курулушуна акча каражат жактан жардам берген Т.Зулпуев айыл аймагынын жашоочулары А.Акматов, И.Раимбабаев, У.Раимбабаев Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын ардак грамоталары менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 729
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
10:18,   19.09.2017   ( 7 адам окуп жатат)
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу