Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Ош

Кара-Суунун Тельман айылында дайынсыз жоголгон окуучу кыз изделип жатат (фото)

Turmush -  Кара-Суу районунун Тельман айылында 8-класстын окуучусу Сыргагүл Сталбек кызы изделип жатат. Ал кечээ, 8-сентябрь күнү мектепке кеткен бойдон кайра үйүнө кайрылып барган эмес.

1издоо

Анын эжеси Адмира Абидинова айтымында, Сыргагүл апасы насыя төлөгөнү кеткенде, мектеп формасын кийип алып, үйдөн чыгып кеткен. Аны акыркы жолу кошуналарынын усталары көрүшкөн. Апасы класс жетекчисине телефон чалганда, Сыргагүл мектепке барбагандыгы маалым болгон.

Сыргагүлдүн жакындары аны көргөн-билгендерди 0553 73 85 55 номуруна кабарлоону өтүнүшөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2191
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×