Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-сентябрь
68.43    81.71    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Ош

Фото - Италия кыргызстандык акындын көзү менен

Turmush -  Белгилүү акын жана котормочу Алтынбек Исмаилов август айынын соӊунда жубайы менен Италиянын 12 шаарын 8 күн кыдырып келди. Ал аймактык кабарчыга Италия тууралуу кеп салып берди.

WhatsApp Image 2017-09-07 at 10.40.04

«Алгач Алматы, Алматыдан Киевге, Киевден Италияга учтук. Себеби, Кыргызстандан түз Италияга билет баасы кымбат болгондуктан Алматы аркылуу бардык. Албетте, Кыргызстанга караганда базар баасы кымбат. Бирок мамлекеттин экономикасы, элдин жашоо-шарты жакшы болгону үчүн аларга арзан, бизге кымбат сезилди. Антсе да кеп акчада, кеп баада эмес, ошол өлкөдөн көргөн, көкүрөккө сиӊирген жакшы нерселер биз үчүн өтө баалуу болду. Албетте, италиялыктардан көп нерсени алып, көп нерсени үйрөнсөк болчудай экен. Биринчиден, эли карапайым, жөнөкөй, тыкан, таза, убакытка так, эмгекчил, мекенчил жана туура жашаганды, туура эс алганды, башкаларга туура мамиле жасап, туура сүйлөгөндү абдан жакшы өздөштүрүптүр. Анан да туристтерге көп нерсеси менен мактанса болчудай. Бүткүл дүйнөнү дүӊгүрөткөн айтылуу Рим империясынын калдыктары, тарыхый эстеликтер, туристтик жайлар, сепилдер, чептер, урандылар, амфитеатрлар айтор, Италиянын бардык шаарларында өзүнө тарта турган, туристтердин эсинде өмүр бою кала турган көп нерселер бар экен. Биз 8 күн бою 12 шаарын кыдырганга үлгүрүп, кызыктуу, кызыл сызыктуу көп маалыматка ээ болдук.

WhatsApp Image 2017-09-07 at 10.36.50

Чындыгында Италия бардык тарабынан өнүккөн мамлекет. Биринчиден, эки деӊиздин ортосунда жайгашкан. Күнөстүү, биздин өлкө сыяктуу. Европанын айрым өлкөлөрүндөй ар дайым булут каптап, жамгыр жаай бербейт. Биз Италиянын түндүгүнө, батышына, чыгышына, түштүгүнө жана борбордук бөлүгүнө да барып, эӊ кызыктуу шаарларын кыдырдык. Тактап айтканда, Рим, Неаполь, Помпей, Флоренцияга, Ватикан, Пиза, Сан-Марино жана Венеция өңдүү ар тараптан өнүккөн мыкты шаарларына бардык», - деди ал.

Ошондой эле, Алтынбек мырза аталган өлкө күндүн энергиясын аябай натыйжалуу пайдалынышарын баса белгиледи.

WhatsApp Image 2017-09-07 at 10.36.49 (1)

«Агро өнөр жайы, жеӊил өнөр жайы, оор өнөр жайы, мал чарбачылыгы, айыл чарбачылыгы абдан өнүгүптүр. Өзгөчө мамлекет дыйкандарга өтө аз үстөк менен насыя берет экен. Кокус дыйкандар банкротко учурап, түшүм албай калса, аларга мамлекет жөлөк пул төлөй турганын уктук. Анан да дыйкандарды толугу менен салыктан бошотот экен. Ошондой эле, деӊиз жээгиндеги порттору, эс алуу жайлары жана тоо туризми да абдан жакшы өнүгүптүр. Маселен, ошол тоо чокуларына 5 кабаттуу 3 жылдыздуу, 4 жылдыздуу мейманканаларды салып коюшуптур. Абасы таза, жаратылыштын, токойдун койнунда, деӊиздин жээгинде болуп, айтор ал жакка барган адам бир нече жылга жашарып, өзүнүн аӊ-сезимин, рухун толук тазалайт. Андан сырткары, илгерки вулкандардын калдыктары, белгилүү сүрөтчү, айкелчилердин калтырып кеткен эмгектери, өтө кооз жасалгаланган чиркөө, монастрларын көрдүк. Ошол эле учурда Леонардо ди сер Пьеро да Винчи, Галилео Галилейдин, Дантенин, Ромео менен Жульеттанын үйлөрүн музейге айландырып коюшуптур. Бир сөз менен айтканда, италиялыктар ташты камырдай ийлеп, ошол таштан элдин баарын таӊ калтырып, тамшандыра турган, имараттарды, эстеликтерди аябай сонун курушуп, кумдан айнек жасап, андан укмуш кооз, буюмдарды жасап, кол өнөрчүлүгүн өтө жогорку деңгээлге чыгарышыптыр», - деди белгилүү акын.

WhatsApp Image 2017-09-07 at 10.53.35 (1)

Кыргызстандык турист эки өлкөнү мындайча салыштырды.

«Албетте, мен көп мамлекетке чыкканда өз өлкөбүзгө салыштырып, бурушу менен дурусун, аласы менен чаласын айырмалап, байкап жүрөм. Чындыгында, италиялыктардын эмгекчилдиги, убаданы сактагандыгы, үй-бүлөсүнө бекем тургандыгы, улуу инсанды сыйлагандыгы, интелегенттерди сыйлап, урматтаганы, жөнөкөйлүгү жана өз убагында иштеп, өз убагында эс алганды билгендиги абдан жакты. Анан кыргыздар менен салыштырып отуруп, мындай жыйынтык чыгардым. Көрсө, кыргыздар жалпы жонунан салган кымбат баалуу үйү, жолтандабас унаасы, кийген кийми, дүӊгүрөтүп өткөргөн тою аркылуу башкаларга көрүнүп, башкаларга мактанганды, өзүн-өзү башкаларга жарнама кылганды өздөштүргөн калк экенбиз. Италиялыктар канчалык бай, дөөлөттүү болбосун, өзүнүн байлыгын шардана кылып, башкаларга жарыялап, башкалардын көзүн кычыштырганды жактырышпайт экен. Албетте, биз кыргыздарды жалкоо дегенибиз бир чети туура, бир чети натуура экен. Себеби менин байкашымча, италиялыктарга караганда биз көбүрөк иштейт экенбиз. Эртеден кечке каныбызды азык, каруубузду казык кылып качырдай иштеп, тапкан кирешебизди пайдасыз, түккө тургус нерселерге сарптап, бири-бирибиз менен атаандашып, бири-бирибизди ушактап, бири-бирибизге бут тосуп жашайт экенбиз. А италиялыктар өз убагында иштеп, өз убагында эс алганды билишет экен. Зер буюмдарды кулак-мойнуна илип, заӊгыратып үй салып, эмерекке толтурбастан, жупуну кийинип, тоо-ташка, табиятка барып эс алып, музыка угуп, театрга кирип, музейлерди кыдырып, көркөм өнөр, маданият, адабият менен азыктанып, саясат менен алектенбей, керектүү нерселерге убактыларын короткону мага абдан жакты. Өзгөчө жаштары биздин улан-кыздардай болуп эртеден кечке телефон, компьютерге отуруп, соцтармактардан башы чыкпай, сүрөттөрүн илип, ошону менен ооруп, ошону менен жашаганын көргөн жокмун. Аларда убактытты туура пайдаланганын байкадым. Ал жактагы адамдар баарына топук, каниет кылып жашашат экен. Көңүлү, көзү, көкүрөгү ток дегендей. А бизде баары тескери... Ач көздүк, атаандашмай, бардык нерсеге нааразы болмой, өзүнөн башканын баарын күнөөлөмөй», - деди ал.

WhatsApp Image 2017-09-07 at 10.36.49

Акын Алтынбек Исмаилов 2005-жылы Бишкектеги Кыргыз-түрк «Манас» университетинин түркология факультетин бүтүргөн. Учурда аталган окуу жайда окутуучу болуп эмгектенет. Ал көркөм котормого да аралашып, суфистик-мистикалык поэзиянын ири өкүлдөрү, белгилүү түрк акындары Мевлана Жалалиддин Руми менен Юнус Эмренин ырларын кыргыз тилине которгон. Алгачкы «Таш күзгү» аттуу ыр жыйнагы 2008-жылы жарык көргөн. Ырлары орус жана түрк тилдерине которулган. 2005-жылы Крымда өткөн «Түрк калктарынын эл аралык VI поэзия фестивалынын» дипломанты, 2006-жылы Астана шаарында өткөн чыгармачыл жаштардын эл аралык «Шабыт» поэзия фестивалынын дипломанты, 2007-жылы Түркияда өткөн IX эл аралык поэзия фестивалынын дипломанты болгон. 2007-жылы Мевлана Жалалиддин Руминин 800 жылдык мааракесине арналган республикалык мелдештин баш байгесине татыктуу болуп, 2008-жылы республикалык жаштардын Жолдошбай Абдыкалыков атындагы адабий сыйлыгынын лауреаты болгон. 2006-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү жана Түрк дүйнөсүнүн жаш Жазуучулар союзунун Кыргызстандагы өкүлү.

Акын 1982-жылы 1-январда Өзгөн районунун Көлдүк айылында туулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1505
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
10:18,   19.09.2017   ( 5 адам окуп жатат)
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу