Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-сентябрь
68.43    81.71    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Ош

Кара-Суу шаардык кеңешине болгон шайлоо таза өттү, - район тургундары

Turmush -  Кара-Суу Кара-Суу шаардык кеңешине болгон шайлоо таза өттү. Бул тууралуу бүгүн, 11-сентябрда АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында Кара-Суу районунун айрым тургундары билдиришти.
Алардын айтымында, айрым саясатчылар «шайлоо таза эмес өттү» деп туура эмес каралап жатат.

Буга чейин Ө.Бабанов шаардык кеңешке болгон шайлоого Матраимовдор аралышып жатканын айтып чыккан.

Маалымат жыйындын катышуучулары Ө.Бабановдун айткандары чындыкка дал келбесин, Матраимовдор карапайым калкка жакындан жардам берип келе жатканына токтолушту.

Шаардык кеңешке депутат болуп шайланган Кутубек Козубаев шайлоого Бажы кызматкерлери аралашты деп тараган маалыматты төгүнгө чыгарды.

«Шайлоодо мыйзам бузуу катталган жок. Бажы кызматкерлери аралашты дегени калп. Матраимовдор шайлоого аралашкан жок»,-деди ал.

Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо 3-сентябрда өткөн. БШК 9-сентярда анын жыйынтыгы жөнүндөгү протоколду бекитүү тууралуу токтом кабыл алган. Жыйынтыгында КСДП, «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» саясий партиясы алдыга чыгып, мандатка ээ болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1091
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу