Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Ош

Фото - Алайлык кол өнөрчү 250 миң сомдук боз үйдү жасалгалап чыкты

Turmush -  Бүгүн, 12-сентябрда Ош шаарында башталган «Түштүк экспо-2017» эл аралык жармаңкесинде кыргыз боз үйү 250 миң сомго сатыкка коюлду. Боз үйдү Гүлбарчын Мадраимова жасалгалап чыккан.

«Мен Алай районунан келдим. Жармаңкеге боз үй менен шырдактардын түрүн даярдаганбыз. Шырдактар 300 сомдон тарта 15 миң сомго чейин бааланууда. Ал эми, боз үйдү ички-сырткы жасалгасы менен 250 миң сомго баалап жатам», - деди ал.

Ал эми, Өзбекстандын Фергана облусунан келген Ганыжан Элбаев жармаңкенин алкагында чоподон сувенирлерди акысыз жасап берди. Уста 53 жылдан бери чоподон түрдүү буюмдарды жасоо менен алектенет.

Ош шаарында «YugExpo-2017» эл аралык жармаңкенин ачылыш аземи болуп, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, өкмөттүн Ош, Жалал-Абад облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басарлары, соода-өнөр жай палатасынын президенти Марат Шаршекеев, Өзбекстандагы Андижан облусунун соода-өнөр жай палатасынын президенти Умурбек Тажибаев жана Кытай мамлекетинин Кызыл-Суу автономиялуу облусунан, Өзбекстан, Россия, Казакстан, Беларусь Республикасынан, Иран мамлекетинен келген ишкерлер катышты. Иш-чара 14-сентябрга чейин созулат.

А.Кадырбаев ишкерлерге колдоо көрсөтүү менен гана өнөр жай тармагын өнүктүрүп, жумуш орундар түзүлө турганын билдирди. Көргөзмө-жармаңкеге Кытайдын, Өзбекстандын 70тен ашуун өндүрүшчүлөрү, өлкөнүн түштүк регионундагы ишкерлер өндүргөн товарларын коюшкан.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 601
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×