Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Ош

Тагдыр: Ноокаттык К.Бегалиевдин үйүндөгү 4 майыптын бири да пенсия албайт (фото)

Turmush -  Ноокат районундагы Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн тургуну Каныбек Бегалиевдин үй-бүлөсүндө ден соолугунан мүмкүнчүгү чектелген 4 адам бар. Төртөө тең ушул күнгө чейин пенсия алышпайт. Жада калса дартты аныктап, майыптыгы тууралуу каттоого турууга каражат жок, деди үй ээси.

Бул үй-бүлө учурда оор абалда күн кечирүүдө. 55 жаштагы Каныбек Бегалиевдин 2 көзү 3 жылдан бери көрбөйт. Ал эми, жубайы Айзада Саматованын жаш кезинен бери кулагы укпайт. Алардын уулу дагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелип, жумушка жараксыз. Бул үй-бүлөнүн келини дагы ооруйт.

Каныбек Бегалиевдин 3 кыз, 1 уулу бар. 2 кызын турмуш жолуна узаткан. Учурда эң кичүү кызынын гана ден соолугу жакшы. Сиңдим мектеп окуучусу, деди үй-бүлөнүн улуу кызы Гүлзира Бегалиева.

«Менин 4 балам бар. Ата-энеме кээде жардам берип турам. Аларды пенсияга чыгарууга каражат жок. Чарбакта 3-4 түп алмабыз бар. Күзүндө алманын түшүмүн сатып тиричилик кылышат. Мамлекет тараптан жөлөк пул берилип калса аз да болсо жардам болмок», - деди Г.Бегалиева.

К.Бегалиевдин үй-бүлөсүнө жардам берүүнү каалагандар 0779 742 380 номуру аркылуу байланышса болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1467
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×