Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Ош

Оштогу «Топ жылдыз» бала бакчасынын тушунда дагы жол кырсык катталды (фото)

Turmush -  Ош шаарынын А.Масалиев көчөсүндөгү «Топ жылдыз» балдар бакчасынын тушунда дагы жол кырсык катталды. Жашоочулардын маалыматына ылайык, аталган көчөдө кечээ, 12-сентябрда эки жеңил унаа кагышып, бактыга жараша адамдар жабыркаган эмес.

«Бала бакчанын тушуна ылдамдыкты басаңдатуучу дөңсөө коюу талабы шаардык мэрияга айтылып келет. Бирок бүгүнкү күнгө чейин жашоочулардын талабы аткарыла элек. Кечээки кырсык балдар жолдон өтүп бара жаткан убакта болгон. Анын кесепетинен унаалардын тыгыны да жаралды», - деди жашоочулардын бири.

2017-жылдын июнь айында 16 жаштагы өспүрүмдүн башкаруусундагы унаа «Топ жылдыз» бала бакчасынын кызматкери Хапиза Адахамованы сүзүп, жабырлануучу ошол жерде каза болгон.

Бул көчөдө 14-августка караган түнү «Хонда Фит» автоунаасы бир нече жолу оодарылып кетип, айдоочусу ооруканага жеткирилген эле.  

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 811
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×