Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-сентябрь
68.43    81.71    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Чүй

Айыл турмушу: 8 жашынан футбол ойногон А.Салиев командасы менен өлкөнүн желегин чет жерде желбиретүүдө (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районундагы Шопоков шаарынын 22 жаштагы тургуну Аскарбек Салиев 3-классынан тарта футболго катышып келет. Ал «Алга» клубунда ойноп, Кыргызстанда өткөн республикалык мелдештерге активдүү катышат. Аймактык кабарчы жаш футболчу менен таанышты.

«Кичинекей кезимден футболго абдан жакын болчумун. Мектепте 3-классымдан тарта футбол ойноп, район ичиндеги мелдештерден калчу эмесмин. Андан кийин «Алга» клубуна кабыл алынып, ошол жакта ойной баштадым. Бул клубга өткөн соӊ республикалык денгээлдеги мелдештерге катышып, көптөгөн ийгиликтерди багындырдык. Республикалык чемпионаттарда алдыңкы орундарга илинип келе жатабыз. Ошондой эле, Кыргызстандын курама командасы менен чогуу эл аралык мелдештерге да катышабыз. Келечекте дүйнө чемпионаттарына катышып, футбол менен кыргыз элимди тааныткым келет. Футбол ойнобой калган күнү кадимкидей жаман болом. Ошондуктан бир күндү да калтырбай машыгууга барып турам. Футбол ойноо биз үчүн майрам», - деди ал.

Аскарбек Салиев Баткен облусунун Лейлек районунда 1995-жылы 25-майда төрөлгөн. Үй-бүлөдө 5 бир туугандын үчүнчүсү. Шопоков шаарындагы № 2 мектеп-гимназиясын бүтүп, Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын 2017-жылы аяктаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 447
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу