Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Ош

Ноокаттагы гимназия-мектептин имараты 70 млн сомго курулду (фото)

Turmush -  Ноокат районунун Кыргыз-Ата айылында А.Парпиев атындагы гимназия-мектебинин жаңы имаратынын курулушу бүткөрүлдү. Бул тууралуу Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Бакытбек Марипов билдирди.

Мектептин курулушу 2016-жылы мамлекеттик бюджеттин эсебинен башталган. Имарат 2 кабаттуу, 225 орундуу болуп, спорт зал, чоң жыйындар залы, китепкана, тамактануучу жай, эмеректер, англис, орус тилдери үчүн атайын бөлүнгөн бөлмөлөр, биология, химия сабактары үчүн лаборатория, даараткана, интернет байланышы жана жылытуу системалары менен камсыздалды. Жаңы имарат жакынкы күндөрү пайдаланууга берилет.

А.Парпиев атындагы гимназия-мектебинин 1960-жылы курулган эски имараты авариялык абалга келип калган. Мектеп жалпы 250 окуучуга билим берип, окуучулар предметтик олимпиадаларда алдыңкы орундарды багындырып келет.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1861
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×