Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Ош

Ноокаттын эки айыл өкмөтүн бириктирген жол асфальтталды (фото)

Turmush -  Ноокат районундагы Кыргыз-Ата менен Кара-Таш айыл аймактарын бириктирүүчү жолго асфальт төшөлдү.

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Бакытбек Мариповдун айтымында, Борко айылынан өткөн эки айыл аймакты бириктирүүчү жолдун жалпы 2,5 чакырымын асфальттоону Транспорт жана жолдор министрлиги каржылады.

«Буга чейин жолдун эскилигинен мектепке, бала бакчага, район борборуна баргандарга бир топ ыңгайсыздык жаралып келген. Аталган жолдон кышында, жаан жааган учурларда автоунаалар каттабай калган учурлар көп болгон. Ошондой эле, жакынкы күндөрү бул жолдо маршруттук каттамдар жүргүзүлүп, жакшы шарттар түзүлөт», - деди Бакытбек Марипов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 840
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×