Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Ош

Өзбекстандан 7 жыл мурун келген этникалык кыргыздарга Өзгөн шаарынан жер берилбей калды

Turmush -  Өзгөн шаарынын Жаңы-Өзгөн кварталында батирлеп жашаган этникалык кыргыздарга Өзгөн районунан жер издеп жатышат. Мындай чечим Өзбекстандан келген кыргыздарга шаарда жер тилке жоктугунан чыгарылган.

7 жылдан бери жерге муктаж этникалык кыргыздар батирлеп күн кечирип келишет. Буга чейин 42 үй-бүлө жер алуу үчүн документтерин Өзгөн шаарынын мэрине тапшырышкан.

Мэрдин милдетин аткаруучу Рахманжан Атажановдун айтымында, арыздар каралып чыгып, бирок шаардын аймагында бош жер табылган эмес. Андан улам арыздар Өзгөн районунун акимине берилди.

«Арыз жазган 42 жаран батирлеп жашаганы менен, бири да шаарда каттоого турган эмес. Алар ар башка райондордо катталып, 3 адам гана шаарга жакын аймакта экен. Кайрылмандарга жер берүү айыл өкмөттүн токтому менен гана чечилет. Буга чейин 2000-жылы этникалык кыргыздарга Чүй облусунун Панфилов районунан жер тилке берилген экен. 2010-жылы Өзбекстандан көчүп келген этникалык кыргыздарга кайсы аймактан жер берилгенин билбейм. Бизде жер жок болгондуктан жер маселесин чечип берүү суранычы менен арыздарды Өзгөн районунун акимине өткөрүп бердим», - деди Р.Атажанов.

Буга чейин Өзгөн районунун акими Олжобай Осмоналиев райондо кайрак жер бар экенин билдирген эле.

«Райондун аймагында кайрак жерден бериле турган жер тилкелер бар. Бирок жер бөлүштүрүүнү өзүбүз чече албайбыз. Трансформациялоо маселеси өкмөттүк деңгээлде каралышы керек. Бул процесс ишке ашканга чейин 7-8 ай убакыт талап кылынат», - деди аким.

Окуя тууралуу:

Өзбекстандан мындан 7 жыл мурун көчүп келген этникалык кыргыздардын 50дөн ашык үй-бүлөсү ушул күнгө чейин батирлеп күн кечирүүдө. Алардын ичинен 20га чукул үй-бүлө шарттын жоктугунан кайрадан Өзбекстанга кетүүгө аргасыз болгон. Туруктуу жашаган дареги жоктугунан каза болгон жакындарын жерге берүүдө дагы кыйынчылык тартып келишет. Учурда 41 үй-бүлө Өзгөн шаарынын Жаңы-Өзгөн кварталында батирде жашап жатат.

Кайрылман макамына ээ болгон кыргыздар 2017-жылдын 21-июлундагы жолугушууда Turmush басылмасынын кабарчысына өз элинде кор болгонун айтып кейишкен эле. 

«Биздин балдарыбыз бала бакчага бармак түгүл, өлүгүбүз талаада калуу коркунучу жаралууда. 41 үй-бүлө 2010-жылдан бери ар жерде жашап жатат. Менин 2 уул, 3 кызым бар. Балдарды үйлөнтүп, кыздарымды турмушка узатууда көйгөй жаралууда. Өкмөт Памирде жашаган кыргыздарды көчүрүп келүү маселесин карап жатканын уктук. Биз дагы көчүп келдик, бирок караган эч ким жок. Балдарыбыз жумуш жоктугунан Россияга кетүүгө аргасыз», - деди Абдилаким Тажибаев.

Ал эми, 70 жаштагы Тиллекан Ормонбекова 3 жылдан бери паспортко жетпей убара. Ал Кыргызстанга 8 баласы менен көчүп келген. Учурда 2 уулунун үй-бүлөсү менен бирге жашап жатат.

«Паспорт алууга 3-4 жолу документтеримди тапшырдым. Бирок, ар кандай шылтоолорду угам. Эки уулум катуу ооруп, ооруканага жатып чыгышты. Ал учурда биз карыз болбогон адам калган жок. Балдарым күнүмдүк тамак-ашка гана каражат табышат», - деди Т. Ормонбекова.

Учурда Өзбекстандан келген кыргыздардын басымдуу бөлүгүнө жарандык тууралуу паспорт берилген.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1085
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×